Бүгүн, 18-январда жаңы шайланган акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаевди Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин расмий баракчасына жарыяланды.
Иш-чарада Алайбек Алымбаев 2002-жылы Акыйкатчы институту түптөлгөнүн белгилеп, ал учурда адам укугун, мыйзам талаптарын коргогон мекеме түзүү зарылчылыгы жаралганын айткан.
"Андыктан акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу сиздин башкы милдетиңиз болушу керек", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Жаныбек Жоробаевдин талапкерлиги колдоо тапкан.