Баткенде аялын сабаган жаран кармалды

Баткендин Лейлек районунда аялына зомбулук көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну (аял киши) милицияга арыз менен кайрылган. Анда анын 34 жаштагы С. аттуу күйөөсү спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп-тепкилеп, зомбулук көрсөткөнүн билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп сабап кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жабырланган аялга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми зомбулук көрсөткөн жолдошу убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан