Биз социалдык тармакта

312 адам чыкты. Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Мухамедаалыны издөө улантылууда

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Мухамедаалыны издөө улантылып, жалпы 312 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Анын ичинен 188и ӨКМнын куткаруучулары. Курамында кинолог, 10 дрон бар. ИИМден 120 кызматкер 2 дрон менен чыкса. Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат" - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө экени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан