"Берекет" базарынын негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды

Бишкектеги "Берекет" базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү жана соода борборлорунун ижара акысын төмөндөтүү иш-чараларынын алкагында, "Берекет Гранд" жана "Берекет Универсал" соода борборлорунун жетекчилерине карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталды.

"2017-жылдан азыркы убакытка чейин "Берекет" жабык акционердик коомунун жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж. ижарачыларга укук белгилөөчү документтерди бербей, аларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу - сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 долларга чейин болгон", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары соодагерлердин эсебинен мыйзамсыз баюу максатын көздөп, ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган.

"Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынган. Коммерциялык жайлардын жасалма ээлери өз жерлерин башкаларга кайра саткан учурларда, акыркысы "Берекет" ЖАКтын демилгеси жана мажбурлоосу боюнча ачыктан-ачык жагымсыз шарттарда, аталган жерди "Берекет Гранд" соода комплекси кайра каттоо үчүн 100 миң сом жана соода аянтын сатуудан түшкөн пайданын 50 пайызын ("Берекет Универсал" соода борборуна) төлөп беришкен. Бул бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттарды түзгөн. Ошол эле учурда бул соода комплекстеринде ишкерлерге тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 19-январда "Берекет" ЖАКтын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен ЖАКтын президенти Индира Абласова кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өз кезегинде соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында, "Берекет" ЖАК маалымат каражаттарына ижара акысы 30 пайыз арзандагандыгы тууралуу такталбаган маалымат таратып, соодагерлердин 90 пайызы үчүн ижара акысын 10 пайыз гана төмөндөтүшкөн.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

"УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана мыйзамдарды бузууга, ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктардын жана туура эмес шарттардын ар кандай фактыларын түзүүгө жол берилбестигин эскертет. Эгерде бул фактылар боюнча жабырлануучулар болсо УКМКга кайрылууну өтүнөбүз. Аларга мыйзамдарга ылайык катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан