Кадамжайда террордук уюмдардын материалдарын жайылтууга шектелген жаран кармалды

Кадамжайда тыюу салынган диний чакырыктарды жасап жүргөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери диний мекемелерде 8-январдан 19-январга чейин имамдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Анын алкагында интернет сайттарында Өзбекстан Исламий кыймылы жана Түркистан Ислам партиясы террордук уюмунун аудио жана фото материалдарын жайылтып жүргөн Кадамжай районунун 24 жаштагы Г.Р. аттуу тургуну аныкталып, кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү убактылуу кармоо жайга киргизилген.

Учурда анын жайылтып жүргөн материалдарына тиешелүү эскпертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан