Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесине баңги каражаттарын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мекеменин аймагына тыюу салынган предметтерди жана заттарды алып кирүүгө аракет кылган С.Н.Э. аттуу жаран кармалды. Анда жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылды.
Ага ылайык, кармалган С.Н.Э маңзат каражаттарын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н.К. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөнүн моюнуна алды.
Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук ИИБге өткөрүлүп берилди.
"ЖАК бардык жарандарга жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.