Биз социалдык тармакта

"Көпчүлүк аймактарда кар жаайт". 20-январга карата аба ырайы

20-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7.

"Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-3° суук, күндүз +2…+4° жылуу болушу күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан