Биз социалдык тармакта

ИИМдин Ички иликтөө кызматы 32 жылдык мааракесин белгиленди

Бүгүн, 19-январда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков, Ички иликөө кызматынын башчысы Жолболду Көчкөнов, ошондой эле Ички иликтөө кызматынын ардагерлери, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары жана өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлер, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары министрликтин сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан сырткары, Сүйүнбек Ниязбеков ыкчам кеңешме өткөрүп, анда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан