2023-жылдын аягында Кыргызстанда жашоонун орточо баасы 7 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
"2023-жылы бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 563 сомго көбөйгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Мында эркектер үчүн жашоо минимум 8778 сомду, аялдардыкы 8514 сомду түздү. Эмгекке жарамдуу калкка — 8579 сом, пенсионерлерге — 6816 сом жана балдарга — 6544 сом.