Биз социалдык тармакта

Догдуркүл Кендирбаева Лейлекте билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолукту

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ, 19-январда Лейлек районунун билим берүү мекемелеринин башчылары жана мугалимдери менен жолугушту.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда министр педагогдорду ата-энелер менен тыгыз иш алып барууга, STEM предметтерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөгө, PISAга даярдык көрүү, окуу процессин санариптештирүү жана тилдерди үйрөтүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды пайдалануу маселелери талкууланды.

Жарыш сөздө мугалимдер да сөз сүйлөп, министрге күнүмдүк иш процессине тийиштүү суроолорду берип, айрым маселелер боюнча алгылыктуу сунуштарын беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан