Өлкөгө аткезчилик жол менен тамеки алып келгендер аныкталды 

Мыйзамсыз тамеки алып келгендерин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара бекетинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана өлкөнүн салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, 200 куту (4 миллион даана) даяр тамеки буюмдары болгон "Вольво" үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан