Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүчү эки көмүскө жай аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 20-январга караган түнү интимдик кызмат көрсөтүүчү 2 көмүскө жай аныкталып, милиция бөлүмүнө жагдайларды аныктоо үчүн 4 жаран жеткирилген.
Рейддик иш-чараларга райондун укук коргоо органдарынын жана МАБдын өкүлдөрү катышып жатканы айтылат.
"Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз ушундай жагдайлардын күбөсү болуп калсаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 502 041 208, 0 701 700 251 , 0 312 56-60-43 жана 102", - деп жазылат анда.