Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөөгө кошумча күч тартылып, 250 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулардын 145и ӨКМден, курамында кинолог, 6 дрон, 3 ат, 100 ИИМдин кызматкерлери бар. Жалпы 16 техника тартылган.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Министр Бообек Ажикеев дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алып, куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койгон.