Биз социалдык тармакта

Челябинск шаарында базардан чыккан өрттөн эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кетти

Орусиянын Челябинск шаарындагы "Восточный город" базарында 19-январда чыккан өрттөн эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Министрликтен маалымдагандай, өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок.

"Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ "Восточный город" базарында ири өрт чыкканын жергиликтүү басылмалар жазып чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 1200 чарчы метр жер өрттөнүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан