Биз социалдык тармакта

Экинчи дүйнөлүк согуштун 97 жаштагы ардагери каза болду

Бүгүн, 20-январда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдулхалик Гайсин 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гайсин Абдулхалик Каюмович 1927-жылы 16-апрелде туулган. 1944-жылы 20-ноябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган.

"Ал курсун Башкырстандан өткөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгышка которулган. Чыгыш Кытайдын Харбин шаарында байланышчы болуп кызмат кылган. Япония менен болгон согуштун катышуучусу, 1946-жылы май айында Хабаровскиге кайтып келген. 1951-жылы март айында армиядан демобилизацияланган.

Тынчтык мезгилинде ТҮРКСИПте 1973-жылга чейин Аягуз шаарында, андан кийин Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо электрик болуп иштеген", - деп жазылат анда.

Ошондой эле "Эрдик үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" жана жеңиштин урматына юбилейлик медалдары менен сыйланган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан