"700 тонна көмүр берем деп...". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 22-ноябрда милицияга П.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-августта Э.К. аттуу жаран көмүр казган кени бар экенин айтып, 700 тонна көмүр чыгарып берем деп андан 15 миң доллар алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

17-январда шектүү катары 1977-жылы туулган Э.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы тапта тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан