Чүйдө сноуборд тээп жүрүп жарга түшүп кеткен жаран куткарылды (видео)

Кечээ, 20-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Кашкулак" лыжа базасында сноуборд тээп жүрүп жарга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган Ж.Т. аттуу жигит бутун кокустатып алгандыгы боюнча “112” кызматына билдирүү келип түшкөн.

Куткаруу ишине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган.

"Базадан ары экинчи коктуга түшүп кеткен жигит аман-эсен чыгарылды. Куткаруучулар ага алгачкы жардам көрсөтүп, шаарга алып келди. Абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан