Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керектигин тизмектеп берди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат.
"18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл. Арызды ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тапшырат. Эгерде бала өзүнчө жашаса, анда ата-энеси жашаган жери боюнча кайрылса болот", - деп айтылат билдирүүдө.