Биз социалдык тармакта

22-январга карата аба ырайы

22-январда Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин, Ысык-Көлдө 15-20 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз +3…+8,

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз +3…+8,

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз +6…+11,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1,

Нарын дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,

Бишкекте түнкүсүн -11…-13, күндүз +5…+7 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан