Өлкөдө 2023-2024-окуу жылдарына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январдан Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 22-январда башталып, 24-январда саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.
Ага ылайык, кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун 1-туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.