Ош облусунун Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну Нуржамал Максутова боорун алмаштырууга муктаж. Ал 12 жылдан бери боор циррозунан жабыркап келет.
Анын айтымында, Орусияда тиш дарыгерине баргандан кийин гепатиттин В түрүн жуктуруп алган. Дарыгерлер аны жөндөп тамактануу режимине салган. Бирок оорусу күн санап күчөп келет.
Операция Индия өлкөсүндө жасалат. Буга чейин 8 миң доллар чогулган, боорду алмаштырууга дагы 22 миң доллар керектелет. Максутовада мындай акча каражаты жок болгондуктан коомчулуктан жардам сурайт.
Ага жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсеп номурларына акча которсо болот.
Сбербанк: 2202202369855493
Мбанк: 0 776 85 49 43
Элсом: 0 550 85 49 43
KICB: 4446791057355370