Оштогу “Би-Би” бала бакчасынын жетекчиси кармалды. Ал видеодон кийин текшерүүгө алынган

Ош шаарында балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, шаардагы “Би-Би” аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Мындай текшерүүгө айрым интернет булактарында аталган балдар бакчасынын жаш тарбиялануучуларына Кыргызстандын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына туура келбеген, атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келип, талаптарга жооп бербеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жаткандыктары тууралуу видеороликтер себеп болгон.
"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 19-январь күнү аталган бакчанын жетекчиси, 1970-жылы туулган Х.Ф. өз кызыкчылыгын коргоп, жогоруда аталган фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотууну көздөп, ал үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган. Балдар бакчасынын жетекчиси ыкчам кызматкерге 20 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурда Ош ШИИБнын жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Азыркы учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан