Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду.
"Кылмыш ишинин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Башкы прокуратура кайсы аскер бөлүктүн жетекчилери кармалганын ачыктаган жок.