Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнө бөгөт коюлду (видео)

«Ак-Тилек унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайынан дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып өтүшүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 18-январда «Ак-Тилек унаа жолу» чек ара тилкесинде документтери ишенимсиз Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүүдө айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана мамлекеттин салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок экени аныкталып, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Учурда бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

22.01.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан