Аламүдүндө үйдөгү чырдан бир адам каза болду. Шектүү кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-январда 1984-жылы туулган Р.В. жана 1975-жылы туулган Т.Б. Васильевка айылындагы Р.В.нын үйүндө спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортолорунда чыр чыккан. Чырдан улам үйдүн ээси Т.Б.ны көкүрөк тушка бычак менен сайган. Ал алган жаракатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү Р.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан