Бишкектеги «Берекет Универсал» базарынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8,5 миң куту тамеки алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кызмат ИИМ менен биргеликте Бишкек шаарындагы "Берекет Универсал" соода борборунда контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 миң 545 куту тамеки алынган.
Ага ылайык, ишкерлерге карата өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
"Акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК тарабынан аталган соода борборунун жетекчилери
кармалган.