Биз социалдык тармакта

"Маянасы күнүнө 1 200 сом". Бишкек троллейбус башкармалыгы контролёрлорду жумушка чакырат

Автобус, троллейбустардагы төлөмдү көзөмөлдөө үчүн Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы контролёрлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, контролёрлордун эмгек акысы күнүнө 1 200 сом жана ар бир саткан "Тулпар" карталары үчүн 10 сом каралган.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болору жазылат.

- Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт муниципалдык ишканасы: 0312 53 17 89,

- Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0312 65 75 90.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан