Ушул ишемби, 27-январь күнү мамлекеттик кызматкерлер үчүн иш күнү болот.
Эскерте кетсек, жыл башында кыргызстандыктар 8-январга чейин узакка созулган жаңы жылдык эс алуу алышкан. Ошону менен бирге министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү токтомуна ылайык, айрым күндөрдө иштөөгө туура келет.
Тактап айтканда, 27-январдагы дем алыш 3-январдагы иш күнүнө алмаштырылган.