Сүлүктү шаарында 14 жашар секелекти зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын тургуну 14 жаштагы кызы 14-январга караган түнү зордукталганы тууралуу арыз жазган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүү катары 31 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.