УКМК Жалал-Абадда "АвтоТехЭксперт" ЖЧКнын операторун кармады (видео)

Жалал-Абад облусунда автоунааларды жасалма техникалык кароодон өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүүн, 22-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери жана жеке жүк ташуучулар акча берип "АвтоТехЭксперт" ЖЧКсынан жасалма түрдө диагностикалык карта жана жылдык техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

18-январда ушул материалдын алкагында "АвтоТехЭксперт" ЖЧК оператору Б.Р.Р. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга байланыштуу топтолгон материалдар лицензияны жокко чыгаруу үчүн Улуттук аккредитация борборуна өткөрүлүп берилди.

"2023-жылдын апрель айында УКМК Сузак районундагы жеке менчик ишканалар тарабынан ушундай эле мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Анда да акчалай сыйлыкка жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспортторду ойдон чыгарылган техникалык кароодон өткөргөнү маалым болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган ишкананын кызматкери Ч.М.М. кармалып, соттун чечими менен соттолуп, 110 миң сом айыпка жыгылган", - деп айтылат маалыматта.

Видео: УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан