Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп интернатына эки жаңы концерттик роял алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, роялдар президенттин "Маданият, искусство жана спорт тармагын мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" жарлыгынын негизинде министрлик тараптан бөлүнгөн каражатка алынды. Концерттик роялдар Германиянын Йоханнес Зайлер фирмасына таандык экени айтылат.