Аламүдүн районунда уурулук кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-январда милицияга 1997-жылы туулган М.А. арыз менен кайрылган. Ал 18-январга караган түнү белгисиз адамдар Көк-Жар айылындагы үйүнө кирип, акчасын, зер буюмдарын жана 3 даана iPhohn 14 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1986-жылы туулган К.Н. жана 1991-жылы туулган Ж.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Иликтөөдө шектүүлөр Хондо Фит үлгүсүндөгү унаа менен аталган райондун аймагында ушул сыяктуу дагы 6 кылмыш жасагандыгы аныкталып, унаа айып короого киргизилген. Ошондой эле К.Н. кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн дагы ушу сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.