Былтыр Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң эс алуучу келип, 2022-жылга салыштырмалуу 100 миң эс алуучуга көп болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда облус жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында айтты.
"Туризм тармагынан түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, курорттук - эс алуу жайларынан түшкөн салыктардын көлөмү 311 миллион сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу (247,3 миллион сом) өсүү темпи 126 пайызды түздү", - деди ал.
Ошондой эле туристтерди тейлөө кызматын жакшыртуу максатында 4 рэст-поинттердин курулушу аяктаганы жана 5 туристтик-сервистик борборлордун курулушу жүрүп жатканы кошумчаланды.