Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-январда милицияга М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 10-январда таңкы саат 5:00 чамасында топ киши короосуна кирип, байланып турган кунаажынды союп башташканын, бирок терисин сыйрып бүткөндөн кийин үйүнөн чыгып калганын айткан. Уурулар качып кетүүгө үлгүргөн. Алар уйду союп этин көтөрүп кетүүнү көздөшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган Э.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын жанындагы жолдоштору изделүүдө.