23-январга караган түнү өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 00:09да очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзала Каракол, Нарын шаарларында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Кошумча маалымат берилери айтылды.