Социалдык тармактарда жер титирөөдөн кийин тартылган видеолор тароодо.
SUPER.KG порталына окурмандардан келген видеодон көп кабатуу үйлөрдүн биринде дубалда жарака пайда болгонун көрүүгө болот. Маалыматка караганда, ал Бишкектеги Көк-Жар конушунда тартылган.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратып, азырынча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирген.