Биринчи толкундан кийин адатта катуу силкинүү болбойт. Бул тууралуу Сейсмология институтунун башчысы Канат Абдрахматов билдирди.
"Ооба, Кытайда очогунда 8-9 баллга дейре жеткен катуу жер титирөө болду. Бишкекте 3-4 баллдын тегерегинде сезилди. Биринчи толкундан кийин адатта катуу силкинүү болбойт. Тынчсызданбаңыздар жана коркпоңуздар", - деп жазды ал.

Буга чейин ӨКМ Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайрадан кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.