Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болгонун коңшу Казакстандын Tengrinews.kz басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-январь Бишкек убактысы боюнча саат 07:52де коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмикалык станциялары тарабынан катталган.
"Жер титирөөнүн очогу Алматы шаарынан 262 чакырым түштүк-чыгыш тарапта Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү 4.6 балл", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ӨКМ Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайрадан кайталанат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.