Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө боюнча дагы бир жолу маалымат таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-январь күнү эртең менен түндө болгон жер титирөө боюнча дагы бир ирет маалымат таратты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
"Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан