
Бүгүн, 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдө Жети-Өгүз районундагы Кумтөр кенинде жабыркагандар болгон эмес. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, Кумтөр кенинде түндө болгон жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
"Жер титирөө учурунда ишкананын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышты. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ӨКМ бүгүн түнү болгон жер титирөө "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 баллга жеткенин
билдирген.