Чүйдө дайынсыз жоголгон 15 жаштагы кыз 23 күндөн кийин табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз болуп изделип жаткан кыз табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, "Гүлзар" балдар борборунун директору Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 2023-жылдын 25-декабрында арыз менен кайрылган. Арызында ал 2008-жылы туулган Липянская Вера Александровна аттуу окуучу Жээк айылында жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталган. Дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жерин аныктоо максатында көрсөтмөлөр берилип, керектүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

17-январь күнү ал Токмок шаарынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан