Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” эс алуу санаторийинде бүгүн, 23-январдагы жер титирөөдөн улам деффект кетти делген маалыматтарга Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Нурадил Кеңешов жеринде видео кайрылуу жасап, түшүндүрмө берди.
Видеону Мамлекеттик курулуш агенттиги фейсбук баракчасына жүктөгөн.
Анда курулуш башкармалыгынын облус боюнча жетекчиси буга эч кандай тынсыздануу жок экенин айтып, түшүндүрмө берген.
Белгилей кетсек, түндө болгон табигый кырсыктан Бостеридеги санаторийдин имаратында жаракалар кеткен видео социалдык тармактарга тараган.