Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "Жер титирөө коопсуздук эрежесин "QR" аркылуу билүүгө болот"

Жер титирөө коопсуздук эрежесин "QR" аркылуу билүүгө болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган шартта өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтарды уюлдук телефон аркылуу ыкчам билүү үчүн “QR” коддор иштелип чыккан.
"Мындан ары эми уюлдук телефонуңуз аркылуу өзгөчө кырдаал коркунучу же жаралган шартта, өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелерин билип алсаңыз болот", - деп жазылат анда.
Ошондой эле буга чейин мындай "QR" коддор өлкөнүн мектептеринде, коомдук жайларда, соода борборлорунда илингени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан