
Токтогулда ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жалал-Абад ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга 43 жаштагы Токтогул районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр 3-ноябрда саат 18:00 чамасында бейтааныш адамдар сабап кеткендигин жана денесинен оор жаракат алгандыгын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Арыз ээси буга чейин ооруканада дарыланып чыккандыктан, ага карата дайындалган соттук-медициналык экспертиза токтому, бейтап баяны менен бирге соттук-медициналык экспертиза кызматына жөнөтүлгөн.
Шектүү катары Токтогул районунун тургундары 42 жаштагы К.А. жана 31 жаштагы Т.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.