22-январдан 3-февралга чейин Индияда кыргыз-индия атайын күчтөрүнүн биргелешкен “Канжар-XI” машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Машыгууга Кыргызстандан №52806 аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти катышууда.
"Кыргызстан менен Индиянын аскер кызматкерлери эки жума бою тоолуу аймактарда мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүү үчүн атайын күчтөрдү машыктырышат. Окуу тактикалык эпизод менен аяктайт, анда мурда бүткөрүлгөн бардык окуу предметтери боюнча практикалык машыгуулар өткөрүлөт", - деп билдиришти Коргоо министрлигинен.
Эске сала кетсек, “Канжар” машыгуусу өткөн жылы Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн.