
"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Театралдык сверинин аянтындагы төртүнчү скважинаны бургулоого киришти. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар райондорунун кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн скважиналар бургуланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвская, Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүндө жаңы скважина бургулоо иштери аяктаган. Жайыл Баатыр жана Чортеков көчөлөрүндө скважинаны бургулоо иштери аяктоо алдында.