Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 19-январда Ы.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү болжол менен саат 22:00 чамасында калаадагы Пушкин көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуп Samsung A10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, из жашырып кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 2004-жылы туулган К.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.