Биз социалдык тармакта

"Бишкек жашыл чарба" ишканасы быйыл миллиондон ашык гүл өстүрүүнү пландоодо

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында бир жылдык гүлдөрдүн үрөнүн себүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 1 миллион 600дөн ашык гүл өстүрүүнү пландап жатышат.
"Адистер көчөттөрдү өстүрүп, жазында борбор калаанын гүлзарларына отургузушат. Гүлдөр ишкананын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн жана тандалган долбоор боюнча отургузулат.
Эске салсак, былтыр борбор калаа бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр менен кооздолгон", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан