Биз социалдык тармакта

Бишкектин Бугу-Эне жаңы конушунда тышкы жарыктандыруу иштери жүрүп жатат

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарыктандыруу иштери Биринчи Май районунун аймагындагы Бугу-Эне конушунда жүрүп жатат. 50 вольт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырактар жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.
Ошондой эле ишкананын кызматкерлери 2 чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зымды өткөрүштү.
"Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын диспетчердик кызматы сиздер үчүн ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, 0777 902-115 (WhatsApp)", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан