Былтыр өлкөдө атайын даярдалган иттер аркылуу 100 кылмыштын бети ачылган

Былтыр өлкөдө атайын даярдалган иттердин жардамы менен 100 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр ИИМдин кинологиялык борборунун кызматкерлери кылмыш болгон жерге 535 жолу чыгышып, баңгизаттарды таратууга байланышкан 100 кылмыштын бетин ачышкан. Анда кызматтык иттердин жардамы менен 438 килограммдан ашык ар кандай баңгизаттарын, анын ичинен 83 килограммдан ашык гашиш, 89 килограммдан ашык марихуана жана башка баңгизаттарын табышкан.
"Азыркы учурда ички иштер органдарынын ишин заманбап техникалык каражаттарды колдонуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бирок ошого карабастан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө издөө иштеринин мыкты калыптанган салттуу ыкмалары – кызматтык иттерди колдонуу дагы эле чоң роль ойноп келет", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан